Жаңы өнөр жай ишканалары беш жылга салык төлөөдөн бошотулушу мүмкүн

Кыргызстанда жаңы өнөр жай ишканалары беш жылга салык төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.

Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, алтынчы же жетинчи жылда ишканалар 50 пайыз төлөп, сегизинчи жылдан баштап толук салык базасына өтөт.

Бул норма Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө каралган.

Документ парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.

Чиновник белгилегендей, жеңилдетилген салыктар өнөктөштөрдү тартуу максатында киргизилүүдө.