Бүгүн Бишкектин бардык мектептеринде жана лицейлерде сабактар кыскартылат

Бүгүн Бишкектин бардык мектептеринде жана лицейлерде сабактар кыскартылат. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Мындай чечим ЕАЭБ саммитине байланыштуу коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздоо үчүн кабыл алынды.

 

Кортеждердин каттамы боюнча көптөгөн көчөлөр жабылат. Шаар тургундарынан нааразычылык пайда болушу мүмкүн.

 

Эске салсак, Бишкекте бүгүн ЕАЭБ лидерлеринин отуруму өтөт. Ага биримдиктин бардык мамлекет башчылары катышат.