Мамлекет башчы Садыр Жапаров «Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди. Курамы:
- Кыргызстандын президенти — Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
- Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары;
- Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.
- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү:
- Жогорку Кеңештин төрагасы;
- Министрлер кабинетинин төрагасы;
- Президенттин администрация башчысы;
- мамлекеттик катчы;
- башкы прокурор;
- коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, президент Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.