Добуштарды кол менен саноо жыйынтыкталды. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жарыялады. Анын айтымында, учурда маалымат системага киргизилип жатат, бирдиктүү округ боюнча жыйынтыктын 40 пайызы системага киргизилип бүттү.
Жыйынтык 2 күндүн ичинде жарыяланат. Эске салсак, 28-ноябрда шайлоо БШКнын сайтындагы система иштен чыккан.
Портал убактылуу иштебей калгандан кийин ага чейинки маалыматтар башкача болуп көрсөтүлгөн.