Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын аткаруучулар арасында кароо-сынак өтөт

Кыргыз эл артисти, төкмө акын, Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын аткаруучулар арасында кароо-сынак өтөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» уюштуруучулардын бири, манасчы Самат Көчөрбаев билдирди.

Кароо-сынак 2022-жылдын 15-16-январында КТРКнын концерттик залында өткөрүлөт жана ага 15 жаштан 40 жашка чейинки аткаруучулар катышат.

Көчөрбаевдин айтымында, автордун ырларын келечекте чет тилдерде да жайылтуу максатында «Аруузатым» аттуу ырын англис же орус тилдеринде аткаргандардын арасында өзүнчө сынак өткөрүлөт. Бул сынактардын максаты Иманалиевдин чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү жана чыгармаларын түбөлүк сактоо, ошондой эле башка тилдерде дагы жайылтуу болуп саналат.

Уюштуруу тобу Иманалиев атындагы эки жылда бир берилүүчү сыйлык уюштурууну максат кылып жатканын белгилешти.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Төрт жашынан тамга таанып, жети жашынан комуз кармап ырдай баштаган. 13 жашында устаты Тууганбай Абдиевдин чакыруусу менен Бишкек шаарына келип, адегенде филармонияга караштуу эки жылдык студияны, кийинчерээк Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.

Айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тартып аралаша баштаган. Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштардын баш байгелеринин ээси болгон.

Акын 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында кант диабетинен улам каза болгон.