Тайланд 1-июлдан тарта туристтер үчүн жаңы эрежелерди киргизүүдө

Тайланд 1-июлдан тарта туристтер үчүн жаңы эрежелерди киргизүүдө. Эми аталган өлкө аймагына келген саякатчылар Thailand Pass документин албай эле койсо болот.

 

Ошондой эле эшикте маска тагынуу талабы жокко чыгарылды. Кафе-ресторандар эми түнкү 2ге чейин иштей берсе болот. Бирок ПЦР-тесттин таза жыйынтыгын же вакцинация сертификатын көрсөтүү талабы азырынча сакталат.