Эртен, 13-октябрда бир мандаттуу талапкерлерди катоо аяктайт

Эртен, 13-октябрда бир мандаттуу талапкерлерди катоо аяктайт.

Ал эми өзүн-өзү көрсөткөндөр каттоого туруу үчүн 18-октябрга чейин

документтерин тапшырууга тийиш. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат тандалат.

Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36сы бир мандаттуу округдан келет.

Белгилеп кетсек, БШКга шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирсе,

бир мандаттуу талапкерлер 230га жетти.