Эгер референдум өтпөй калса, кайра добуш берүү болбойт

Эгер референдум өтпөй калса, кайра добуш берүү болбойт.

 

Бул тууралуу   24 агенттигине БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, шайлоочулардын саны 30 пайыздан ашпай калса, анда жалпы элдик добуш берүү өткөн жок деп табылат. Ушундай эле эреже бюллетендерде “баарына каршы” деген добуш көп тандалса колдонулат.

 

Эске салсак, мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Ошол эле күнү кыргызстандыктар президентти шайлайт.