Талас облусунун Бакай-Ата районунда жаңы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору ачылды.
Ак-Дөбө айылында жайгашкан медициналык мекеме бир кабаттуу жана анда бейтаптарды
кабыл алууга бардык шарттар түзүлдү. Борбордо 9 медицина кызматкери жергиликтүү
тургундарга биринчи медициналык жардам көрсөтөт. Имаратты курууга
7 миллион 750 миң сом багытталды. Каражатты Дүйнөлүк банк грант
түрүндө жана жергиликтүү ьийлик бөлүп берди.