Добуш берүү учурунда бюллетенди сүрөткө тартууга болбойт

Добуш берүү учурунда бюллетенди сүрөткө тартууга болбойт. Бул тууралуу Боршайком эскертет. Андан түшүндүрүшкөндөй, жаран бюллетенге добуш берилгенден кийин дагы, аны тартууга укугу жок.

 

Ошондой эле, добуш берүүдө белгини карандаш, кызыл, жашыл, кара өңдөгү калемсаптар менен толтурууга жол берилбейт. Мындай учурда документ жараксыз болуп калат. Эске салсак, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоолор 4-октябрда өтөт.