Кыргызcтанда көмүрдүн баасы 3 ай бою көзөмөлгө алынат.
Өлкө аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тийиштүү чечимге төрага Улукбек Марипов кол койду.
Мындай чара быйылкы күзгү-кышкы сезондон өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу
камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Тиешелүү тапшырма монополдукка
каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине берилди.