Юридикалык тараптар Бирдиктүү декларацияны тапшырууга шашылышы керек. Салык кызматынан эскертишкендей, аларда бул үчүн 10 күн калды. 1-мартка чейин уюмдар, чарбачылыктар, чет элдик компаниялар кирешеси боюнча отчетторду тапшырышы зарыл.
Өз учурунда Бирдиктүү декларацияны тапшырбагандар 5 миң сомго чейин айыпка тартылат.