Бишкектин айрым аймактарында убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт.
Эртең саат 9дан кечки 6га чейин Рухий-Мурас жана Арча-Бешик
конуштарында, Гоголь, Сүйүмбаев, Анкара, Осмонкулов, Күрөңкеев,
Горький көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Фучик, Ленский, Скандинавский
көчөлөрүндө жана Абдыкадыров, Тыныбеков, Асаналиев тилкелеринде
жарык берилбейт. Убактылуу чектөөлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.