Кыргызстан Казакстан ортосунда туруктуу аба каттамдар 17-сентябрдан тартып жанданат.
Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев “Азаттыкка” билдиргендей,
учактар алгач жумасына эки ирет жүргүзүлөт. Этабы менен каттамдардын саны көбөйтүлөт.
Акышев кошумчалагандай, болжол менен 15-сентябрдан тартып Өзбекстанга да
учактар туруктуу негизде жүрө баштайт. Ал эми Россия — Кыргызстан
аба жолдорун уюштуруу маселеси учурда чечиле элек.