Машиненин айнегин караңгылатуу боюнча жумушчу топ түзүлдү

Автоунаалардын айнегин караңгылатууга уруксат берүүнүн шарттарын иштеп чыгуу жана анын баасын аныктоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңеш 9-февралда Кыргызстанда автоунаанын каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап жатат. Ал кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын аз дегенде 20 миң айдоочу машинесинин терезесин караңгылатат деп болжоп жатат.

Ички иштер министрлиги азыр терезесин караңгылатып алгандарга 5500 сом айып пул салынарын, акыркы алты жылда мындай мыйзам бузуу менен 22 миңдей айдоочу кармалганын билдирди.

Экономика министрлиги айнекти караңгылатуунун баасы мыйзамдын долбоору кабыл алынган соң аныктала турганын билдирүүдө.

Долбоор боюнча такси, эл ташуучу жана жүк ташуучу автоунааларга каптал айнектерди караңгылатууга уруксат берилбейт. Кыргызстанда учурда автоунаалардын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатууга тыюу салынган.