Күчүктү класска алып келген баланы тилдеген мугалимге сөгүш жарыяланды

Күчүктү класска алып келген 4-класс баланы тилдеген мугалимге сөгүш жарыяланды.

Билим берүү министрлиги Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон окуя боюнча мектеп директоруна жана социалдык педагогго эскертүү, баланы тилдеп, видеого тарткан мугалимге катуу сөгүш берилгенин билдирди.

Эске салсак, класска күчүк алып келгени үчүн мектеп окуучусун тилдеген мугалимдин видеосу социалдык тармактарда 15-февралда жарыяланган.

Кийинчерээк мугалим соцпедагогдун жана директордун алдында баланы мектептен чыгарып жиберерин айткан.

Видео Интернетте кызуу талкууга алынды.