Көк бөрү федерациясынын президенти алмашты

Бишкекте Көк бөрү федерациясынын президентине нааразычылыктарын билдирүү максатында федерациянын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана улакчылар чогулду.

Алар Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиевге карата нааразычылыктарын айтып, аны алмаштыруу маселесин көтөрүштү.

Жыйынга келген улакчылардын айтымында, буга чейинки өткөрүлгөн көк бөрү оюндарынын байгеси бүгүнкү күнгө чейин бериле элек.

Жыйындын соңунда, федерациянын президенти Талас Бегалиев кызматтан алынып, анын ордуна депутат Акылбек Түмөнбаев шайланды.