Венгриялык компания Кыргызстандын балын даңазалаган ролик тартты

Венгриялык компания Кыргызстандын балын даңазалаган ролик тартты.

Видео Будапештте өткөн кыргыз-венгер форумунда көрсөтүлдү.

Анда дүйнөдөгү эң мыкты татым Кыргызстандын балы экени белгиленди.

Эми алар Кыргызстанды дүйнөдөгү эң мыкты бал өндүргөн жер катары Европа Биримдигине таанытуу боюнча жарнамалык өнөктүгүн баштады.