Көлмө конушунда фельдшердик-акушердик түйүн ачылат

Бишкектеги Көлмө конушуна фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) салынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Биринчи май районунун акимиаты жаңы конуштардын инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча кайрымдуулук уюмдар менен иш алып барууну улантууда.
«Аталган конушта ФАП куруу үчүн Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов менен коомдук кайрымдуулук фонддун директору Абделкарим Али келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Көлмө конушундагы Максат көчөсү, 40а дарегиндеги аянты 150 чарчы метрди түзгөн жерге ФАП курулат. Аны алты айдын ичинде бүтүрүү пландалып жатат», — деп айтылат маалыматта.
Курулушка кайрымдуулук фонд 2 миллион 700 миң сом өлчөмүндө каражат бөлгөнү кошумчаланды.