Кытай Кыргызстанга грант түрүндө жардам берет

Кытай Кыргызстанга грант түрүндө жардам берет.

Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүн чыңдоого 95 миллион юань бөлүнөт.

Анын алкагында 100 өрт өчүрүү-куткаруу унаасы жана 15 өрт жабдуу келиши күтүлүүдө.

Тиешелүү макулдашуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Ван И жана Чыңгыз Айдарбеков ортосунда жетишилди.