Ошто 30 адам таттуу токочко ууланды. Арасында балдар дагы бар


Ошто кондитердик азыктан 30дан ашуун адам ууланды. Бул маалыматты Ош облустук санэпидкөзөмөл борборунун адистери тастыктады.
Мекеменин берген маалыматына ылайык, уулангандардын 18и чоң кишилер, калганы балдар. Алардын үчөө оор абалда облустук ооруканада дарыланып жатат.
Окуя кечээ, 1-май күнү, катталган. Жабырлануучулардын саны дагы өсүшү мүмкүн деп болжолдонууда.

«Жарандар Кара-Суу районундагы кондитердик цехте жасалган таттуу токочтон ууланган. Адистер бул ишкананын азыктарын текшерип, ушундай тыянак чыгарышкан. Цехтин ээсине айып пул салынып, иши токтотулду. Аталган таттуулар дүкөндөрдөн алынып жатат», — деп билдирди облустук Санэпидкөзөмөл борборунан.

Ош шаардык милициясы калаада уулануунун бир канча фактысы катталганын эскертип, элди тез бузула турган тамак-аштарды сатып алууда сак болууга чакырды.