Калктын бактылуулук деңгээлинде Кыргызстан быйыл 64-орунду ээледи

Калктын бактылуулук деңгээлинде Кыргызстан быйыл 146 мамлекеттин ичинен 64-орунду ээледи.

Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун тапшырыгы менен эл аралык изилдөө борборунун талдоочулары даярдаган изилдөөдө белгилүү болду.

Иликтөөнүн авторлорунун айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен бактылуулуктун эң жогорку деңгээли Казакстанда катталып, ал 40-орунда турат.

Ал эми рейтингдин лидерлери Финляндия, Дания жана Исландия болду.

Дүйнөдөгү эң бактысыз өлкөлөр катары Афганистан, Ливан жана Зимбабве аталды.