Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы жок болот.
Бүгүн кечки саат 6га чейин Чүй, Осмонкул, Жибек Жолу,
Жунусалиев жана Грибоедов көчөлөрүндө жана аларга чектеш
аймактардагы тилкелерде жарык болбойт. Арча-Бешик, Кара-Жыгач,
Алтын-Ордо конуштарында жана Орто-Сай айылында электр жарыгы өчүрүлөт.
Убактылуу чектөөлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.