Кыргызстанда инфляция кайрадан тездеп 15 пайыздан ашты

Кыргызстанда инфляция кайрадан тездеп 15 пайыздан ашты.

Улуттук банктан такташкандай, июль айында бул көрсөткүч 14 пайызга жакын болчу.

Маалыматка ылайык, жылдын жай айында сезондук дефляциянын жок болушу сакталып турган инфляциялык басымдын негизги көрсөткүчү болуп саналат.

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен ишендиришкендей, учурда дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы жаңы соода-экономикалык байланыштарга дүйнөлүк экономиканын ыңгайлашуусунан жана турукташуусунан улам, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында инфляциялык процесстердин басаңдашы күтүлөт.