Бишкектеги кийим-кече базарлары 25-майда иштеп баштайт. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди. Анын айтымында, базарлардын администрациясы санитардык талаптардын жана сатып алуучулардын ортосундагы 2 метрлик аралыктын сакталышына көз салышы керек.
Андан тышкары, базардын айланасындагы башаламан соода кылууга жол берилбеши зарыл.
Эске салсак, 25-майдан тарта чоң эмес коомдук тамактануу жайлары жана дүкөн, базарлар иштеп баштайт. Ал эми соода борборлорундагы тамактануу жайлары азырынча ачылбайт.