Кар көчкү түшкөн Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун бир тарабы ачылды, бирок азырынча унаалар өтпөйт

Кар көчкү түшкөн Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун бир тарабы ачылды, бирок азырынча унаалар өтпөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Ведомство маалыматына ылайык, учурда жолду кеңейтүү, трассаны кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Эске салсак, 17-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 296-97-чакырымдарында кар көчкү түшүп, жол жабылган.