Кара-Балта шаарындагы текстиль фабрикасынын курулушу аягына чыгып калды

 

Кара-Балта шаарындагы текстиль фабрикасынын курулушу аягына чыгып калды.

 

Ишкана полиэстерден кездеме чыгарууга багытталган долбоордон турат. Чет мамлекеттен импорттолгон технологиялык жабдууларды орнотуу жана ишке киргизүү процесси аяктады.

 

Пландалгандай, фабрика күнүнө 30 тоннага чейин кездеме өндүрүү кубаттуулугуна ээ болот.

 

Даяр продукциянын 80 пайызы экспортко багытталат деп күтүлүүдө. Долбоорду ишке киргизүү менен 600 адам иш менен камсыздалат. Учурада жүздөй жумушчу атайын окутуудан өтүп жатат.