Жалал-Абад облусунун алыскы айылына ички жол салынууда

Жалал-Абад облусунун алыскы айылына ички жол салынууда.

 

Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, кеп Базар-Коргон районунун Бешикжон калктуу конушу тууралуу болуп жатат. Оңдоо иштерин 10 күндүн ичинде бүтүрүү пландалууда.

 

Мекеме мамлекеттик трассалар менен эле чектелбестен, кичи шаарлар менен айылдардагы ички жолдордун абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.