Кыргызстанда ыш көйгөйүн чечүүгө кийинки жылы 20 миллион доллар багытталат. Министрлер кабинетинде бир катар иш-чаралар планы иштелип чыкты. Анын ичинде Бишкек ЖЭБинин ишин оптимизациялоо боюнча жумушчу долбоорду кое берүү бар.
Андан тышкары, ордо калаанын райондорунун биринде 500 көп кабаттуу үй тандалып, аларга нано-шаймандарды орнотуу пландалууда.
Ошондой эле Бишкекте бир гана электр унаалары жүрө турган “жашыл аймактар” пайда болот.
Аталган долбоорлорду ишке ашыруу кийинки жылдын биринчи кварталында башталат.