Улуттук банк Баткен облусунун тургундарына колдоо көрсөтүүнү улантат

Улуттук банк Баткен облусунун тургундарына колдоо көрсөтүүнү улантат. Ага ылайык, эки токтомдун мөөнөтү ушул жылдын 30-сентябрына чейин узартылды.

 

Бул Баткен жана Ош облустарындагы каржы институттарынын кардарларын колдоо, ошондой эле Баткендик насыя алуучуларга кредит берүү маселелерине тиешелүү.

 

Мындай иштер 2022-жылдын сентябрындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен жарандарга жана ишкерлерге жардам көрсөтүү максатында жасалууда.