Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны азайды

Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны азайды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул жылдын биринчи кварталында уюмдар тарабынан 8,8 миллиард сом кредит берилген.

 

Насыя алгандардын саны 152 миң адамга жакындады. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик  10 пайызга аз. Микрокредиттер Ош облусунда көп берилген. Экинчи орунда Бишкек жана Жалал-Абад облусу турат.