“Каракол” аэропортунда курулуш иштери уланууда. Объектте учурда жаңы аэробекеттин имараты тургузулуп жатат. Ошондой эле учуп-конуу тилкесин узартуу жана жарык-сигналдык жабдууларды орнотуу иштери жүрүүдө.
Аба майданы кийинки жылдын аягында колдонууга берилет. Күтүлгөндөй, жаңыланган “Каракол” аэропорту саатына 250 жүргүнчүнү тейлей алат.