Ошто капиталдык оңдоодон кийин Шакиров көчөсү кыймылга ачылды

Ошто капиталдык оңдоодон кийин Шакиров көчөсү кыймылга ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, кайра калыбына келтирилген көчөнүн жалпы узундугу дээрлик 2,5 чакырымды түзөт.

 

Долбоорго ылайык, көчө 20 метрге чейин кеңейтилип, жалпысынан коомдук транспорт үчүн 11 аялдама орнотулду. Бул максатта 69 миллион сом багытталды.