“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөөлөр киргизилди

“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөөлөр киргизилди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, коопсуздук чаралары Төө-Ашууда жолдордо муз тоңгонуна байланыштуу кабыл алынды.

 

Жолчулар Бишкек – Ош трассасында тынбай иштеп, кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.