Кыргызстанга коронавируска каршы Moderna вакцинасы жеткирилди. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Жалпысынан өлкөгө 10 миң 800 доза келди.
Жарандар аны менен Бишкектин каалаган үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда же аймактарда эмделе алат. Белгилеп кетсек, препарат COVID-19га каршы бардык вакцинадан кийин бустердик доза катары дагы колдонулат.