Караколдо кайрадан жылуулук берилет

Караколдо кайрадан жылуулук берилет. “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Абай Орозалиевдин айтымында, мындай чечим шаарда кескин суук болуп кеткенине байланыштуу кабыл алынды.

 

Ал белгилегендей, көмүр жетиштүү көлөмдө бар. Кечкиге чейин бардык керектөөчүлөргө жылуулук берилет. Кошумчалап кетсек, Караколдо жылуулук  27-мартта өчүрүлгөн болчу.