Бишкекке бүгүн Түркиядан 350 кыргызстандык учуп келет

Бишкекке бүгүн Түркиядан 350 кыргызстандык учуп келет. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Стамбул шаарынан чартердик каттам менен келгендер дароо обсервацияга алынат.

 

Эске салсак, кечээ Кыргызстанга Россиянын Новосибирск шаарынан 170 мекендеш учуп келди. Дагы ошончосу кошумча каттам күтүп жатат. Ошондой эле, Дубайдагы кыргызстандыктарды алып келүү каралууда.