Ички иштер министрлиги кылмыш жасалганы тууралуу жалган маалымат тараткан
жарандар жоопкерчиликке тартыла турганын эскертет. Анда. акыркы убакта
WhatsApp мессенжеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш
жасалганы тууралуу жалган маалыматтарды жайылткан учурлар кездешип
жатканы айтылат. Министрлик жарандарды социалдык тармактар жана
интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
Мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт, — дешти ведомстводон.