Каржы министрлиги өлкө аймагында коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн атайын эсеп ачты

Каржы министрлиги өлкө аймагында коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн атайын эсеп ачты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Ал эсепке чет элдик валютадагы ыктыярдуу жана гранттык каражаттар дагы түшөт.

 

Чогулган акча Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн иш-чараларга жумшалат. Кыргызстанда айрым ишкер, депутаттар өкмөткө жардам ирээтинде акча которуп башташты.