Коммерциялык банктар долларды 85, еврону 92 сомдон сатууда

Кыргызстандын коммерциялык банктары бүгүн 19-мартта долларды жана еврону кымбаттаган баада сата баштады. Айрым банктардын расмий сайттарында 1 АКШ доллары 85 сомго, 1 евро 92 сомго чыкты.

 

Бир нече жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде болуп келген доллар 10-мартта үч сомго кымбаттаган. Ошол эле күнү Улуттук банк валюталык интервенция жүргүзүп, 53,7 миллион АКШ долларын 72,90 сомдон сатыкка чыгарган.

 

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 11-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок экенин айткан.

Бүгүн эртең менен доллар 73 сомдон, евро 81 сомдон сатылып жаткан.

 

Улуттук банктын расмий сайтында ушу тапта доллар 72 сом 90 тыйын, евро 79 сом 98 тыйын деп турат.