Эпидемиологиялык кырдаал курч болгон мамлекеттен келгенин жашыргандар жоопкерчиликке тартылат

Эпидемиологиялык кырдаал курч болгон мамлекеттен келгенин жашыргандар жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбева билдирди.

 

Ал белгилегендей, мындай фактылар билинсе, жарандар оңой эле табылып, карантинге жаткырылат. Андан соң, “Санэпидем эрежелерин бузуу” беренеси менен жоопкерчиликке тартылат. Эске салсак, буга чейин Италиядан келгенин жашыруу максатында, Россия же Казакстан аркылуу ички паспорт менен киргендер аныкталган.