Мечиттерде жума намаздан башка иш-чаралар өтпөйт

Мечиттерде жума намаздан башка иш-чаралар өтпөйт.

Мындай чечимди Дин башкармалыгынын аалымдар кеңеши кабыл алды.

Маалыматка караганда, мечиттерде жана башка жайларда диний,

маданий багытындагы массалык иш-чараларга, окуу кружокторуна,

семинарларга жана баяндарга убактылуу чектөө киргизилди.

Даават иштери боюнча тиешелүү чектөөлөр киргизилип,

түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле сыркоологон

адамдарга жана ден соолугу начар карыяларга мечитке келбей туруу

сунушталды. Ал эми медресе 3 жумалык карантинге жабылды.