УКМК прокурор Улукбек Өмүрзаковду кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 12-ноябрда Ош облусунун аймагындагы көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурушу мүмкүн деген факты боюнча облустук прокуратуранын улук прокурору кармалганын билдирди.

 

Маалыматта УКМКнын Антикоррупциялык кызматы президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун Оштогу сапары учурунда эл менен жолугушуусу учурунда жергиликтүү тургундун даттануусун иликтегени айтылат. Анын Ош облустук прокуратурасынын кызматкерине карата арыздануусунун негизинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысы иликтенип жатканы белгиленген.

 

Бул факты боюнча Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору «Ө.У.» баштаган төрт жаран кармалганы маалымдалган. УКМКнын билдирүүсүндө прокурор Улукбек Өмүрзаковдун жана башка үч кишинин көзү жабылган сүрөттөрү да тиркелген.

 

Баштапкы иликтөөлөрдө «Мухаммед Умар» спорттук клубунун кызматкерлери кирген адамдар обу 2020-жылдын январында «Жол чырак» жоопкерчилиги чектелген коомунун көмүр казган карьерине кирип барып, ишкананын өкүлдөрүн ал жерден чыгарып коюшканы, атайын техниканы басып алып, мыйзамсыз кен казганы, анда салык жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөбөй, 82 миллион сомдон ашык суммадагы көмүр казып, иштеткени аныкталганы да айтылган.

 

УКМКнын маалыматына караганда, кенди басып алгандар жергиликтүү бийлик органдарынын мыйзамсыз иштерди токтотуу тууралуу бир нече жолку эскертүүлөрү менен талаптарына көңүл бурган эмес. Учурда УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган мекемелер аралык тергөө тобу бул фактыларды иликтөөгө киришкен.