Казакстан 1-марттан тарта Иран менен аба байланышын токтотот

Казакстан 1-марттан тарта Иран менен аба байланышын токтотот.

Ошондой эле Түштүк Кореяга каттамдарды азайтат.

Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдирди.

Анын айтымында, мындай чаралар аталган өлкөлөрдө коронавирустун

жайылып жаткандыгына байланыштуу. Түштүк Кореяга каттамдар жумасына

тогуздан үчкө чейин азаят. Учурда Казакстанда вирусту жуктуруп алгандар жок.

Кошумчаласак, 35 өлкөдө катталган вирус дээрлик 80 миңге жакын адамга жукту,

алардын көбү Кытай жарандары.