Кыргызстан жана Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы эртең Москвада өтөт

Кыргызстан жана Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы эртең,

Москвада өтөт. Өлкө башчы аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн

башчысы Данияр Сыдыков билдиргендей, иш-чарага эки өлкө президенттери

Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин катышат. Кайчылаш жылдын

алкагында маанилүү чөйрөлөрдө 200дөн ашык иш-чара өткөрүү пландалды.

Эске салсак, макулдашууга былтыр Владимир Путиндин Кыргызстанга

болгон иш сапарынын жүрүшүндө 50дөн ашык документке кол коюлган.

Алар бүгүнкү күндө ишке ашууда, — деди Сыдыков.