Баткен шаарында таза суу долбоору 60 пайыз ишке ашты

Баткен шаарында таза суу долбоору 60 пайыз ишке ашты.

Бул тууралуу “Таза суу” ишканасынын директору Соорбек Шайдуллаев “Акипресске” билдирди.

Анын айтымында, шаарды таза суу менен толук камсыз кылууга 29 миллион евро бөлүнгөн.

Кийинки жылдын май айына чейин бетон кудуктар курулуп, 2 миң үйгө суу киргизилет.

Эми төлөмдөр тарифтик негизде эмес, эсептегичтер аркылуу жүргүзүлөт.

2015-жылы башталган долбоор 2021-жылы аяктоого пландалды, — деди Шайдуллаев.