Ордо калаадагы базарларда азык-түлүктүн баалары туруктуу

Ордо калаадагы базарларда азык-түлүктүн баалары туруктуу.

Буга мэриядан ишендиришүүдө. Маалыматка ылайык,

шаар бийлиги базар жана дүкөндөрдөгү күнүмдүк керектелүүчү

азыктардын баасын көтөрүүгө жол бербөө максатында

байкоо жүргүзүп жатат. Мындан улам ишкерлерге

бааны негизсиз жана атайылап көтөрүү болбошу тууралуу

эскертүүлөр берилди. Муниципалитеттен белгилешкендей,

учурда азык-түлүктүн запасы жетиштүү деңгээлде.