Өкмөт мал-жандыкты экспорттоого алты айга тыюу салды

Өкмөт азык-түлүк тартыштыгына жол бербөө жана калктын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатында айрым айыл чарба товарларын Евразия Экономикалык Биримдигинин аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салды. Мындай токтомду өкмөт 19-ноябрда кабыл алганын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт мындай чечимди өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алганын маалымдады. Бул тыюу салуунун мөөнөтү алты ай жана реэкспорттук, транзиттик, ошондой эле гуманитардык багыттагы өндүрүмгө тиешеси жок.

 

Буга чейин Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу социалдык маанилүү товарларды сыртка экспорттоого тыюу салууну сунуш кылган.

 

Айыл чарба министрлиги экспорттоого тыюу салууну сунуш кылгандардын арасында тирүү мал-жандык, дан эгиндери жана айрым товарлардын түрлөрү — мисалы, бодо мал, кой-эчки, үй канаттуулары, дан эгиндеринен арпа, жүгөрү, күрүч, буудай уну бар. Министр өсүмдүк майын, кумшекерди, тоок жумурткасын, йоддолгон тузду жана малга берилүүчү тоюттарды (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин жеми) да сыртка ташууга тыюу салууну сунуш кылып жатат.

 

Учурда азык-түлүк кымбаттап жатат. Бишкектин базарларында, мисалы, орто эсеп менен өсүмдүк майы 50-80 сомго, кумшекер 10-30 сомго, эт 50-100 сомго чейин кымбаттады.