Кыргызстан учурда негизги тогуз азыктын үчөө менен камсыз

Кыргызстан учурда негизги тогуз азыктын үчөө менен камсыз.

Өлкө өзүн сүт, картошка жана жашылча менен толук камсыздайт.

Ал эми калган алты азыктын түрүн импорт менен толуктайт, — деди айыл чарба жана

мелиорация министри Эркинбек Чодуев. Анын айтымында, кризистик шартта өлкөнү

ун азыктары менен камсыз кылуу маселеси башкы орунга чыккандыктан, быйыл дан

эгиндерине басым жасалды. Былтыркы жылга салыштырмалуу буудай 8 миң гектарга

көбүрөөк себилди. Жалпы айдоо аянттары өткөн жылдан

22 миң гектарга көп, — деп кошумчалады министр.