Кыргызстандын президентин шайлоодо чет мамлекеттерде 45 шайлоо участогу ачылат.
БШКнын маалыматына ылайык, кеп 28 өлкө тууралуу болуп жатат. Тилкелердин басымдуусу Россияда жайгашат.
Боршайкомдон белгилешкендей, бул шайлоолордо форма-2 чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар үчүн гана жеткиликтүү болот. Бул үчүн алар 29-декабрга чейин арыз бериши керек. Мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 10-январда өтөт.